Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Гонконгдун командасын жеңди

Спорт 11 Февраль 2025 10:28
1.jpg
476725971_18345755188196946_9129271019611105315_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
476725971_18345755188196946_9129271019611105315_n.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаменти

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин төртүнчү айлампасы жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын улуттук курама командасы төртүнчү айлампада Гонконгдун командасы менен ойноп, 6:5 эсебинде жеңди.

Эске салсак, улуттук курама биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде, үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген.

Эми бешинчи айлампада Түштүк Кореянын командасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убакыты боюнча бүгүн саат 14:00дө башталат.