Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Бахрейнди жеңди

Спорт Загрузка... 05 Февраль 2025 14:00
IMG_8795.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин экинчи айлампасы жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи айлампада Бахрейндин командасы менен ойноп, 29:0 эсебинде жеңди.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде жеңип, 2 упай менен "В" тайпасында 2-орунду ээлеген эле . Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен өз тайпасында 5 упай топтоп 1-орунга чыкты.