Кышка даярдык: Бишкекте көмүр тартыштыгына жол берилбейт

Коом 2 октябрь 2026 15:25
830966810_1927787204847592_1947766032032094399_n.jpg
831323776_1562730212274441_3854159915768637230_n.jpg
831400147_1524946873000529_1286503246831779296_n.jpg
831402578_1073161428970526_1536133261228264464_n.jpg
833172069_3579813692187382_6403340300212556366_n.jpg
834320917_4425734781013584_1881721255310106580_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бишкекте 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын жыйыны өтүп, жылуулук ишканаларынын даярдыгы жана шаарды көмүр менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жыйынтыгында жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларга оңдоо иштерин белгиленген графикке ылайык өз убагында аяктоо тапшырылды.

Ошондой эле Бишкектин райондорунун башчыларына отун базаларында сапаттуу көмүрдүн жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу жана көмүр тартыштыгына жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Учурда шаардын райондорунда отун базалары иштеп, тургундар көмүр сатып ала алышат.