Кырсыктардын алдын алуу максатында өлкө аймагында жол белгилери орнотулууда

Коом 682 28 Январь 2025 11:28
474531883_924689789839768_3247454604259077723_n.jpg
475072818_924689879839759_3025119326528286740_n.jpg
475495057_924689993173081_5172729611719946154_n.jpg
Алдыга
Артка
474531883_924689789839768_3247454604259077723_n.jpg
475072818_924689879839759_3025119326528286740_n.jpg
475495057_924689993173081_5172729611719946154_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында республиканын аймагында эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана келип түшкөн бардык буюртмаларды өз убагында чыгарып берүүдө.

Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.

Эске салсак, былтыр «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жалпы 15 миңден ашык жол белгисин чыгарган.