Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүүдө — Кубатов

Туризм Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 15:50
732871734_3892506950892475_3408656268652944703_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын туризм тармагы 2023-жылдан бери туруктуу өсүштү көрсөтүп жатат. 2026-жылдын жыйынтыгында өлкөгө 13 млнго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Кыргызстанга 8 млнго жакын турист келген. 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 млн адамга жеткен.

"Быйыл 12,5–13 млн турист келет деп күтүп жатабыз. Алты айдын жыйынтыгында Кыргызстанга буга чейин 6 млн 400 миң турист кирди. Биздин божомол боюнча, июль жана август айларынын жыйынтыгында, августтун аягында — сентябрдын башында туристтердин саны 9,5–10 млнго жетиши мүмкүн. Ошондуктан жылдын жыйынтыгында 12,5–13 млн турист келет деп болжолдонууда", — деди Кубатов.
3377442.e138a89fbd17211d5534fc96a0170fdc.500

Ал акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр чет элдик туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын жана өлкөнүн туристтик потенциалы өнүгүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.