Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык мигранттардын учурда “кыргызмын” деп сыймыктанып калышы президент Садыр Жапаровдун жана анын командасынын жакшы иштеринин натыйжасы. Бул тууралуу эл аралык продюсер Ислам Сатаров “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземинде “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындан 5 жыл мурда бүгүнкүдөй жетишкендиктерди кыргыздар түшүндө да көргөн эмес жана элестетүү мүмкүн эмес болчу.
“Беш жыл мурда кыргыздар мындайды түшүндө да көргөн эмес, элестетүү да мүмкүн эмес болчу. Айткандардын барын жомок катары көрүшчү. Бирок мен эл аралык продюсер жана эксперт катары так айта алам, мындан өткөн ачык-айкын нерсени дүйнө жүзүндө эч ким кайталап аткара албайт. Мисалы, эсиңиздерде болсо Париждеги Олимпиада кандай өткөнүн барыбыз билебиз. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кандай мыкты деңгээлде өткөрдүк, 3,5 миллиарддан ашык киши көрдү.
Бүгүн болсо бардык жарандарыбыз, эч кандай тааныш-билиши жок, билеттерди алып “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземине катышып жатышат. Бул — кубанычтын, сүйүнүчтүн жана өнүгүүнүн белгиси.
Эң башкы маселе — чет өлкөдө жүргөн биздин мигранттарыбыз, кыргыздарыбыз “кыргызмын” деп сыймыктанып калышты. Бул — биздин президентибиздин жана жетекчилерибиздин жакшы иштеринин натыйжасы.
Маданиятты “жумшак күч” деп коюшат. Жумшак күч иштеши керек. Эртең да көрөсүздөр, дүйнө жүзү суктана турган, таң кала турган иштер уланат. Бул Көчмөндөр оюндарында иштеген команданын, президенттин Иш башкармалыгынын креативдүүлүгүнүн натыйжасы.
Мен Көчмөндөр оюндарында да редакторлордун жана экинчи пландагы продюсерлердин бири болуп иштедим.
Алдыдагы Шакиранын концертин жакшы өткөрүп алалы. Келечекте, 2027-жылдары мындан да деңгээли жогору, мурда болуп көрбөгөн дүйнөлүк жылдыздар өлкөбүзгө келет”, - деди Сатаров
Ошондой эле ал бул президенттин элибизге болгон ишеними жана кызматы экенин белгиледи.