Кыргызстандын жолдорундагы абал – ЖККБББнын жетекчиси менен маек

Маек Загрузка... 28 Март 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Буга чейин мамлекет башчынын басма сөз катчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта эреже бузган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү тартиби киргизиле турганын билдирди. Мындан улам «Кабар» агенттиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробековго кайрылып, бул багытта суроолорго жооп алды.

-Саламатсызбы? Президенттин демилгесин ишке ашыруу процесси кандай жүрөт? Ишке ашыруу учурунда кандайдыр бир коррупциялык тобокелчиликтер болуп кетпейби?

- Президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен “Унаа” мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди.

Мындай жол-унаа кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу, тапшырманы аткаруу максатында ЖКККББ тарабынан жол-коопсуздугун камсыздоо багытында талдоого ылайык, тиешелүү сунуштар, түзүлгөн жумушчу топко сунуштар берилет. Жумушчу топко ИИМден, Унаа мамлекеттик мекемесинен, Юстиция министрлигинен жана Санариптештирүү министрлигинен өкүлдөр кирүү зарылчылыгын кароодобуз.

Жыл башынан бери өлкөдө канча жол кырсыгы катталды? Канча жабырлануучу жана каза болгондор катталды, алардын канчасы жаш балдар?Деги эле кырсыктардын негизги себептери эмнеде?

- Саламатсыздарбы. 2025-жылдын башынан 23-мартына чейин республиканын аймактарында 1300дөн ашуун жол-унаа кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир аз өсүү темпи байкалууда. Ал эми өтө оор кесепеттер менен коштогон жол кырсыктары аркы жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана уюштуруу багытында алгылыктуу бир топ иш-чаралар аткарылды.

Алсак, республикабыздын аймагында баардыгы болуп 44944,9 чакырым унаа жолдор бар, анын ичинен бүгүнкү күнгө 11945,8 чакырым унаа жолдор текшерүүдөн өткөрүлдү. Жалпы 256 кооптуу жол тилкелери катталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 2-айында текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолдордун, көчөлөрдүн абалы талапка жооп бербеген 2551 (2446, + 4,3%) кемчиликтер аныкталган.

Жолдорду эксплуатациялоо мекемелеринин жетекчилерине жолдордун талапка жооп бербеген кемчиликтерин оңдоого 1982 эскертме баракчалары берилип, көрсөтүлгөн кемчиликтерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин талаптарынын негизинде 630 протокол түзүлгөн.

Белгилей кете турган нерсе, «Техникалык абал», «Караңгылатуу», «Коомдук транспорт», «Жүргүнчү ташуу», «Үйрөтүү транспорт каражаты» рейддик иш-чаралар өткөзүлүп, өз натыйжасын берүүдө.

WhatsApp Image 2025-03-28 at 09.24.21 (1).jpeg

- Учурда айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли кандай? Айдоочулардын арасында кандай мыйзам бузуулар көп кездешет?

- 2025-жылдын башынан бери 280 643 протокол түзүлгөн, алардын ичинен:

- Транспорт каражатын мас абалында башкаруу – 3 611;

- Алдыңкы айнеги жана (же) каптал айнектери караңгылатылган транспорт каражатын башкаруу – 1 495;

- Айдоочулук укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу же мындай адамга башкарууга уруксат берүү – 2 025;

- Жол белгилеринин талаптарын, жол сызыктарынын эрежелерин, токтоо же токтотуу эрежелерин бузуу, коопсуз аралыкты сактабагандыгы – 115 684;

- Жүргүнчү ташуучу транспорт каражатынын айдоочусу белгиленген ылдамдык чегинен ашык айдаганы – 44 699;

- Жөө жүргүнчүлөрдүн, жүргүнчүлөрдүн жана велосипед айдагандардын жол эрежесин бузушу – 5 158.

-Деги эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамынын арасындагы коррупцияны жоюу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин тартибин, айдоочулар менен болгон өз ара мамилесин, укук тартибин сактоого, коррупциянын элементтерин алдын алуу багытында ЖККК кызматкерлери тарабынан ЖККК кызматкерлерин белгиленген мөөнөттө текшерүү иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүп келет жана жыйынтыгы менен тартип бузуу жанга башка элементтер аныфкталса, чара көрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө төш камералар менен кызматкерлер камсыздалып, кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл - аракеттер онлайн режиминде видео жана аудио форматта жазылып, ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда ЖКККББнын жол кайгуул кызматынын жана милиция кайгуул кызматынын кызматкерлери арасында мыйзамдуулукту сактоо, коррупциялык көрүнүштөрдү жою максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Ички Иштер министрлигинин буйруктарынын негизинде иш-алып барылат.

Жол кыймылын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын тарбынан «Автоураган-МС» аппараттык программалык комплекстери алынып, бул автоматтык видеокөзөмөл системасы мамлекеттик белгисин идентификациялоо функциясына ээ, бул патрулдук унааны курчап турган бардык унааларды каттоого жана аларды реалдуу убакыт режиминде издөө базаларында текшерүүгө мүмкүндүк берип, республика боюнча 22 мобилдик «Автоураган-МС» жана 5 стационардык «Автоураган-2ВСМ» иш-алып барууда. Бул, өз жыйынтыгын жакшы көргөзүүдө.

-Айдоочулук күбөлүктү алуу эрежелери катаалдашкан соң жыйынтыгы байкалып жатабы?

-Азайууда бирок, баардык түрү эмес. Анткени биз канчалык жол эрежелерин сактоого айдоочуларыбызды үндөгөнүбүз менен баары адамдык факторлорго байланышууда. Анткени талдоо көрсөткөндөй катталып жаткан жол кырсыктарынын 91 пайызы айдоочулардын жол эрежелерин толук сактабагандыгынан болууда. Мисалы, катуу ылдамдыкта айдагандар, каршы тилкелерге чыккандар, алдыдагы унаадан ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин сактабагандар, мас абалында унаа каражатын айдагандар, жолдо жүрүүдө бири-бирине жол бошотуп бербеген учурлар сыяктуу жол эрежелерин бузуу фактылары көп кездешүүдө.

Ошондуктан, жалпы айдоочулардан өзүңүздөрдүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн жол кыймылынын эрежелерин сак сактооңуздарды өтүнөт элем.