Кыргызстандын туризмин алдыга сүрөгөнгө өлкөлөр ортосундагы алакалардын салымы чоң

Туризм Загрузка... 11 Июль 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда кышкы туризм, тоо альпинизми, экотуризм өнүгүп жаткандыгына байланыштуу жыл санап эс алуучулардын саны өсүүдө. Ага жараша туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, инфраструктуралар жакшыртылууда, анын ичинде эс алуу жайлары, мейманканалар курулуп, жаңы жолдор салынып, эскилери оңдолууда. Туристтердин ыңгайлуу жүрүүсү үчүн транспорт каттамдары киргизилип жатат. Инвестиция тартууга, туристтердин санын көбөйтүүгө мамлекеттик органдар, чет өлкөдөгү элчиликтер да иш-аракеттерди көрүү менен алек. Бул ирет биз Кыргызстандын туризм потенциалын жетиштүү деңгээлде пайдалануу максатында бир катар мамлекеттер менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында жүзөгө ашкан иштерге жана пландарга токтолобуз.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигине президент, министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан Сауд Аравия менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттам ачуу тапшырмасы коюлган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки шаарга – Жиддадан Бишкек жана Ошко түз аба каттамдары ачылган. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов аба каттамдын ачылышы эки өлкөнүн туризм, соода-экономикалык алакасынын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирген.

WhatsApp Image 2025-07-11 at 17.25.47 (1).jpeg

“Эми биздин жарандар Бишкек жана Оштон Жидда шаарына 5 сааттын тегерегинде учуп бара алат. Дагы бир жагымдуу кабар, биздин жарандар Сауд Аравияга учуп келгенден кийин аэропорттон 90 күнгө туристтик виза ачтыра алат же онлайн ала алышат. Бул дагы эки өлкөнүн алакасынын жаңы баскычка чыгышы деп ойлойм. Андан тышкары аба каттамдын ачылышы туризм, экономикалык жактан да абдан маанилүү, эки өлкөнүн соода алакасынын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Маселен, азыркы тапта Сауд Аравиядан Кыргызстанга 10 миңге жакын турист келсе, түз аба каттам ачылгандан кийин алардын саны 15-20 миңге жетиши мүмкүн”, - деген элчи.

Ошондой эле Кыргызстанга туристерди тартуу максатында Сауд Аравиянын жана Кувейттин 32 туристтик компаниясынын B2B форматындагы жолугушуулары өткөн. Эр-Рияд шаарында Digital City көп функционалдуу комплексинин аймагында Кыргызстандын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси да ачылган. Жарманке Кыргызстандын атамекендик продукцияларын илгерилетүү, ошондой эле Сауд Аравиянын бизнес чөйрөсүнөн инвестиция тартуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн уюштурулган. Мындай аянтчалардын аркасында Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Жакында эле Франциянын Преш провинциясында “Көчмөндөр” фестивалы” уюштурулду. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын айтымында, бул иш-чарада кыргыздардын маданияты жакындан тааныштырылды.

WhatsApp Image 2025-07-11 at 17.25.47.jpeg

“2026-жылы сентябрь айында Кыргызстанда Көчмөндөр оюндары өтөт эмеспи, биз ошол ири иш-чарабызды даңазалоо, жарнамалоо максатын да көздөдүк”, - деп белгилеген Садык Шер-Нияз.

Буга чейин элчиликте Кыргызстандын жаратылышы, анын ичинде Ысык-Көлдүн көз жоосун алган кооздугу сүрөт көргөзмө аркылуу тааныштырылып, тоо экосистемасын сактоодо активдүү катышкан биздин өлкөнүн туристтик потенциалы көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк туризм жарманкелерине, форумдарга катышуу да өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүүгө оң таасирин тийгизет. Жыл сайын Парижде France IFTM эл аралык туристтик көргөзмөсү уюштурулат. Ага кыргыз делегациясы дайыма катышат. Мында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун көмөгү менен жергиликтүү туркомпаниялар аянтчада өз продукцияларын жана кызматтарын чет элдиктерге сунуштап келет. Анткени бул иш-чаралар өлкөгө туристтердин келүүсүн көбөйтүүнүн бирден бир жолу болуп саналат.

Ушундай туристтик жарманке Берлинде да жыл сайын өтөт. Кыргызстандын делегациясынын катышуусуна өлкөбүздүн Германиядагы элчилиги тиешелүү жардам көрсөтөт.

WhatsApp Image 2025-07-11 at 17.28.21.jpeg

Элчи Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасында белгилегендей, акыркы жылдары Германиядан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 2,5 эсе өстү, ошол эле маалда туристтердин саны да кыйла жогорулады. Мисалы, Германиядан Кыргызстанга 2020-жылы 2441 адам, 2022-жылы 17 180 адам келген. Бул көрсөткүчтөр Европа мамлекеттеринен Кыргызстанга келген туристтердин жана инвестициянын көбөйүшүнөн кабар берет. Ошол эле маалда КМШ, Азия өлкөлөрүнөн да биздин өлкөгө келип жаткан туристтер жок эмес. Алардын катарында Түштүк Корея да бар.

2025-жылдын 25-мартында Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилигинин жана “Борбордук Азия – Корея Республикасы” форумунун катчылыгынын көмөгү менен корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан “Эмне үчүн Кыргызстан?” китебинин бет ачар аземи өттү. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Корея Республикасындагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, туризм индустриясы, ЖМКлар, Кореядагы кыргыз диаспорасы катышкан. Элчи Аида Исмаилова өз сөзүндө тарыхый мураска бай, ажайып кооз жаратылышы, меймандос эли бар Кыргызстан туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин айткан. Мындан тышкары, элчилик Сеулдун Каннам районунун Бизнесмендер ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн инвестициялык жана туристтик потенциал боюнча презентация уюштурган. Анда туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн жаратылышы жөнүндө видеороликтер да көрсөтүлгөн. Seoul International Tourism Fair форумунда Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө басым жасалган.

WhatsApp Image 2025-07-11 at 17.25.46 (1).jpeg

2024-жылдын 7-октябрында болсо, Корей жарым аралы жана Түндүк үчүн маданият жана стратегиялар форумунда да өлкөлөр ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарга, соода мамилелеринин өсүшүнө жана туризм тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Форум Корея Республикасынын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Монголия, Грузия жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөр менен аймактык өз ара аракеттенүү келечегин талкуулоо үчүн алдыңкы эксперттерди, дипломаттарды жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирген. Элчи Аида Исмаилова буга чейин билдиргендей, Бишкек – Сеул түз авиакаттамы ачылып, туризм тармагына дагы чоң салым кошууда. Ошондой эле туризм тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Ысык-Көл облусунда жайгаша турган “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунун курулуш иштерин баштоону утурлай “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иш алып барууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган мекеменин директору Жаркынбек Максүтов билдирген. Анткени долбоордун биринчи этабындагы Жыргалаң шаарчасын курууга чет элдик инвесторлор да катышып, инвестиция салууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери аркылуу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин долбоорун кенен тааныштырылып, чет элдик жарандарга маалымат берилет”, - деген Максүтов.

WhatsApp Image 2025-07-11 at 17.31.26.jpeg