Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кырсык 8 февраль 2025 21:00
Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 7-февралда саат 18:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Өзгөн районундагы Ара-Көл айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.