Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын рыногунда орус инвесторлору активдүү иштөөдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, инвесторлордун өлкөгө келишине инвестициялык климат үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар өбөлгө болууда.
"Биздин инвесторлор Кыргызстандын рыногунда активдүү иштеп жатат. Буга Кыргызстандын азыркы жетекчилиги ички саясий кырдаалдын туруктуу болуусуна шарттарды түзүүдө. Бул потенциалдуу инвесторлор үчүн абдан керек. Анткени инвестициялар келген мамлекет келишимдердин ишенимдүү аткарылышын камсыздоосу зарыл. Кыргызстандын жетекчилиги мындай милдетти аткара алууда. Ички саясий кырдаалдын мындан ары бекемделишин каалайбыз. ЕАЭБ, ЖККУ мүчөсү катары Кыргызстанга бардык жактан жардам берип, колдоо көрсөтөбүз", - деди Путин.