Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи Евразия мейкиндигинде эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири

Экономика Загрузка... 24 Июнь 2025 16:05
2347442.2ca441.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

ЕАӨБ аналитиктери банктын өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүүсүнө байланыштуу макроэкономикалык болжолдоолорун сунушташты. Бүгүнкү күндө алар: Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Россия жана Өзбекстан. Бул мамлекеттердин баарында тең 2025-жылдын аягына карата ИДПнын өсүшү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кыйла ашып түшөт. Ал эми экономиканын туруктуулугун мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөр жетиштүү түрдө тең салмактуу жана туруктуу көрүнөт.

Эксперттердин айтымында, 2025-жылы Кыргызстандын экономикасы 10 пайыздан ашык өсүшү күтүлүүдө, бул Евразия өнүктүрүү банкына мүчө өлкөлөрдүн арасындагы эң мыкты көрсөткүч.

«Алтындын баасынын өсүшү, үй чарбаларынын керектөөсүнүн көбөйүшү жана күчтүү инвестициялык суроо-талап Кыргызстан боюнча болжолдоону 1,6 пайыздык пунктка жогорулатууга таасир этти, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 10,3% өлчөмүндө күтүлүүдө. Жылдын аягында инфляция максаттуу көрсөткүчкө жакын – 7,3% деп бааланууда. Сомдун курсу 2025-жылдын калган бөлүгүндө олуттуу өзгөрүүсүз сакталат жана орточо эсеп менен бир доллар үчүн 87,5 сомду түзөт, буга алтындын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу баа конъюнктурасынын фонунда экспорттук кирешенин өсүшү, ошондой эле импорттун өсүү темпинин басаңдашы өбөлгө түзөт», - деп айтылат ЕАӨБнын баяндамасында.

Биздин кошуналарда, ошондой эле Россия менен Беларуста экономикалык көрсөткүчтөр жөнөкөйүрөөк, бирок ошого карабастан алар дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кыйла ашып түшөт.

"Дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2023–2024-жылдардагы 3,3%дан 2025-жылы 3%га чейин басаңдайт. АКШнын тарифтик саясатынын фонунда белгисиздиктин жогорулашы жана терс структуралык факторлор дүйнөдөгү экономикалык активдүүлүккө тоскоолдук жаратат.

Керектөөчүлөрдүн ишениминин жана бизнестин күтүүлөрүнүн төмөндөшү америкалык экономикадагы ишкердик активдүүлүктү жайлатат, анда ИДП 2024-жылы 2,8%га көбөйгөндөн кийин 2025-жылы 1,4%га өсөт. Евроаймакта экономикалык өсүштүн темпи ушул жылы дагы эле төмөн бойдон калат — мурунку жылдагы 0,9%дан кийин 0,6%га жакын. Соода чыр-чатактарынан улам тышкы рыноктордо суроо-талаптын төмөндөшү экономиканын өсүү мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Кытай экономикасынын өсүшү ички суроо-талапты стимулдаштыруу саясатынын уланышынын эсебинен 2025-жылы максаттуу 5%га жакын сакталат", - деп белгилешет ЕАӨБ аналитиктери макроэкономикалык болжолдоодо.