Кыргызстандын дан азыктары Кытайга экспорттолот

Экономика 22 сентябрь 2026 23:50
Кыргызстандын дан азыктары Кытайга экспорттолот
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бажы тармагына байланыштуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөштү. 

Жолугушуда Кыргызстандан айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо эки тараптуу кызматташуунун негизги багыты экени айтылды. 

Бул багытта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстандан дан азыктарын Кытайга экспорттоо макулдашылды. Мындай жетишкендик өзгөчө Кыргызстандын Чүй облусундагы дыйкан фермерлери үчүн өздөрүнүн дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылды.