Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Экономика
Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын банк секторунда кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 658,7 млрд сомду түздү.

Улуттук банктан билдиришкендей, бул жыл башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 29,9% көп.

"Ушул эле мезгилде банк секторунун суммардык активдери 17,7% өсүп, 1 трлн 425 млрд сомго жеткен. Ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы 5,3% көбөйүп, 912,3 млрд сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 64,2% өсүп, 31,6 млрд сомго жетти.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштейт. Анын ичинен алты банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтөт.