Кыргызстандын балы Намангандагы эл аралык фестивалда жогору бааланды

Борбор Азия 955 27 Октябрь 2025 16:04
photo_27_0.jpg
photo_27_1.jpg
photo_27_.jpg
photo_27_...jpg
Алдыга
Артка
photo_27_0.jpg
photo_27_1.jpg
photo_27_.jpg
photo_27_...jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык бал аарычылары Наманган шаарында 24–26-октябрь күндөрү өткөн IV Эл аралык бал фестивалына катышып, өз продукциялары менен коноктордун жана жергиликтүү тургундардын жогору баасына ээ болушту.

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Мирзамамат Кебекбаев баштаган делегация фестивалдын иш-чараларына активдүү катышты. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген бал аарычылар экологиялык таза тоо балынын жана аарычылык продукцияларынын түрлөрүн көрсөтүштү.

Наманган облусунун хокимиятынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын балына болгон кызыгуу жогору болуп, керектөөчүлөр арасында чоң суроо-талап жаралган. Фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференциялар, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү жана концерттик программалар уюштурулду.

Быйылкы иш-чарага 150дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик аарычылар катышып, фестивалды 2,5 миңге жакын чет элдик жана 10 миңге чейин жергиликтүү туристтер көрүштү.