Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралган жок

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2025 12:12
c677c89b-76a9-4562-a71e-8069fbef6e.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Эрбол Замирбеков билдирди.

Анын айтымында, социалдык маанидеги 9 продукция боюнча толук резерв бар.

Учурда Казакстан менен Өзбекстанда картошкага болгон суроо-талап жогорулоосунан улам жана жасалма алып-сатарлыкка байланыштуу картошка менен эттин баасынын жогорулагандыгы байкалууда.

Ал белгилегендей, өлкө өсүмдүк майы, нан азыктары жана мөмө-жемиштерди кошпогондо, азык-түлүктүн 7 түрү менен өзүн-өзү толук камсыздайт.

Белгилей кетсек, социалдык маанидеги азык-түлүктүн тизмесине эт, картошка, сүт, кумшекер, жашылча, мөмө-жемиш, коон, нан азыктары, өсүмдүк майы, жумуртка кирет.