Кыргызстандыктардын турист тосуу маданияты өнүктү - Жаманкулов

Туризм Загрузка... 03 Июнь 2025 11:20
WhatsApp Image 2025-06-03 at 10.38.34.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Соңку жылдары кыргызстандыктардын турист тосуу маданияты өнүктү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде туризм тармагы боюнча көз карандысыз эксперт, коомдук ишмер Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагында адам фактору негизги орунда турат. Технологиялардан айырмаланып, бул тармакта кызматкерлердин билим деңгээли жана мамилеси чоң мааниге ээ.

“Кыргызстанда туризм тармагында тейлөө маданияты жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөр акырындык менен өнүгүп, бул өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга өбөлгө түзүүдө. Ишкерлер биринен бири үйрөнүп эле, тейлөө тармагын жакшы өнүктүрүп жатышат. Тейлөө тармагы, жогорку деңгээлге чыгып жатат. Бирок, тилеккке каршы эс алуу жайларындагы тазалык дагы эле көйгөй боюнча калууда”,-деди ал.