Ат спорту: Кыргызстандын курамасы Москвадан 34 медаль менен кайтып келди

Спорт Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 09:15
742317403_1104136355447228_6397329569515837776_n.jpg
733427874_18417203992196946_7908699522611616794_n.jpg
739773988_2208676939919753_2849069077541404455_n.jpg
740944958_1972871693415166_7742701511036875894_n.jpg
741387247_915667531547475_5003980559529875672_n.jpg
743288815_4399122553733443_3984688659241422375_n.jpg
743347441_1556696942463289_626601672105259164_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кыргызстан курама командасы Москва шаарында өткөн ат спорту боюнча мелдеште 34 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара Maxima Master’s Eurasia кубогунун алкагында өттү.

Жарыштарда 60 сантиметрден 150 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар коюлган маршруттар каралган.

Кыргызстандын атынан ар кайсы маршртуттар боюнча 8 спортчу төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти.

  • Ринат Галимов — 7 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль (жалпы 10 медаль);
  • Андрей Тряпицин — 2 алтын медаль;
  • Камиль Сабитов — 5 алтын жана 4 күмүш медаль;
  • Анна Белюсенко — 2 алтын медаль;
  • Луиза Галимова — 3 алтын жана 3 күмүш медаль;
  • Полина Потапова — 1 күмүш медаль;
  • Айзирек Кочкорова — 1 алтын жана 1 коло медаль;
  • Богдан Стрельников — 1 алтын жана 1 күмүш медаль.

Белгилей кетсек, мелдеш 2-5-июль күндөрү өттү.