Кыргызстандык эки бильярдчы Европа чемпионатында коло медаль алды

Коом 17 сентябрь 2026 13:40
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.27.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.55 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.25.54.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын жаш бильярдчылары Артур Огобаев менен Азирет Токтосунов 18 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Европа чемпионатында коло медаль тагынышты. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Мелдеш 11–16-сентябрда Грузиянын Батуми шаарында өтүп, ага Кыргызстандын курамасынан Бишкектеги “Жеңиш” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Артур Огобаев, Азирет Токтосунов жана Болот Эсенбеков катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгында Огобаев менен Токтосунов байгелүү үчилтикке кирди.