Кыргызстандагы өнүгүү көзгө дароо урунду - БелТАнын өкүлү — Кабар

Кыргызстандагы өнүгүү көзгө дароо урунду - БелТАнын өкүлү

Коом 30 август 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-08-30 at 08.52.46.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. Беларусь мамлекеттик телеграф агенттигинин (БелТА) башкы директорунун биринчи орун басары Василий Матвеев Кыргызстандагы акыркы жылдардагы өзгөрүүлөргө жана өлкөнүн туристтик потенциалынын өсүшүнө жогору баа берди. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга ал акыркы жолу 2023-жылы келген. Андан бери өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болуп, ал үчүн өзгөчө инфраструктуралык долбоорлор жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги курулуштар көзгө урунган.

“Кыргызстан көз алдыбызда өнүгүүдө. Мындагы өзгөрүүлөр дароо байкалды. Бул ири инфраструктуралык долбоорлордон, курулуштардан көрүнүп турат. Айрыкча, Ысык-Көлдүн жээги бир нече жыл мурдагы көрүнүштөн таптакыр башкача болуп калганын байкадык. Өлкөдөгү өнүгүү даана көрүнүп турат”, — деди ал.

Ошондой эле орун басар туризм тармагы бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө өнүгүүнүн маанилүү багытына айланып жатканын белгиледи.

“Туризм бүгүн негизги багыттардын бирине айланып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Ар кайсы өлкөлөрдө бул тармакка чоң инвестициялар салынып, туристтик аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”, — деди ал.

Анын маалыматына ылайык, Беларуста да туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, бул багытта мамлекеттик башкаруу системасы жаңыланган.

“Мындан бир жыл мурда Спорт жана туризм министрлиги өзүнчө Спорт министрлиги болуп бөлүнүп, өзүнчө Улуттук туризм агенттиги түзүлдү. Бул туризм тармагын көңүл көбүрөөк бурулуп жатканын көрсөтөт” — деп белгиледи ал.