Кыргызстанда туризм активдүү өнүгүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторду өзүнө тартууда. Кыргыз туристтик продуктусунун өзгөчөлүгү, тейлөө сапатынын өзгөрүлүшү жана учурда кайсы багыттарга суроо-талап жогору экендигин аныктоо максатында “Кабар” агенттиги туризм тармагында иш алып барган адистер - туроператорлор, турагенттер жана тармактын эксперттери менен баарлашты.

Жергиликтүү туроператорлордун бири Алишердин айтымында, Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан туристтер көп келе баштады.
“Мен туризм тармагында 5–6 жылдан бери иштеп келем, акыркы эки жылда өзгөчө жигердүү иштеп жатабыз. Биздин компания чакан болгону менен Бельгия, Германия, Франция сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле Индонезия жана Малайзиядан келген туристтерди кабыл алабыз. Өткөн жылы кыш мезгилинде Бириккен Араб Эмираттарынан келген коноктор көп болсо, быйыл Таиланд жана Вьетнамдан туристтер көбөйдү. Ал эми жай айларында негизинен Европадан келген туристтер басымдуулук кылат”, - деди ал.

Кыргызстан мусулман өлкөлөрүнөн келген коноктор үчүн өзгөчө ыңгайлуу.
"Индонезия менен Малайзия - мусулман өлкөлөрү болгондуктан, тамак-аш маселесинде эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт. Бул да туристтик багытты тандоодо чоң роль ойнойт", - деп кошумчалады туроператор.
Өлкөнүн уникалдуулугу тууралуу сөз кылып жатып Алишер Кыргызстандын дээрлик ар бир аймагы өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгиледи.
"Биздин өлкө абдан кооз жана кайталангыс. Жай мезгилинде көбүнчө жетүүгө кыйын болгон аймактарга - тоолорго, каньондорго, капчыгайларга барабыз. Көл-Суу, Соң-Көлгө баруучу жолдор өзгөчө маршруттар болуп саналат. Ооба, Соң-Көлгө келгендердин саны жыл сайын көбөйүп жатат, бирок ал азырынча өзүнүн уникалдуулугун жоготкон жок", - деди ал.
Ошондой эле Алишер интернет жана Starlink сыяктуу спутниктик технологиялар темасына да өзүнчө токтолду.

"Бул жерде маселенин эки жагы бар. Биринчиден бул заманбап технология - алыскы аймактарда да интернетке туташып, ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, ал жактагы интернет бекер эмес, ошондуктан зарылчылык болбосо колдонбой деле койсо болот. Көбүнчө туристтер чыныгы кыргыз жашоосуна күбө болуп, чындап эс алуу үчүн убактылуу атайын интернеттерин өчүрүп коюшат”, - дейт Алишер.
Ошол эле учурда туроператор жоопкерчиликтүү туризмдин маанилүүлүгүнө көңүл бурат.
"Бардык туристтерди эле Соң-Көлгө же Көл-Сууга алып бара берүү туура эмес. Мисалы, жай мезгилинде биз туристтерди Алтын-Арашанга алып барбайбыз, анткени ал жакта бош орун дээрлик калбай калат. Кыргызстан - чакан өлкө. Социалдык тармактарга кооз сүрөттөрдү жүктөгөн соң, ал жерге миңдеген адамдар агылып келет. Натыйжада ал аймак бара-бара өзүнүн уникалдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн", - деди ал.
Анын айтымында, дүйнөдө айрым аймактарда жаратылышты сактап калуу үчүн жайгашкан жерин белгилөөгө жана сүрөттөрдү жарыялоого тыюу салынган мисалдар бар. Ушундан улам, туристтер чындап эс алып, бир жерге топтолуп калбашы үчүн кыргыз туроператорлору жаңы маршруттарды ачууга аракет кылышууда.

Туризм тармагындагы эксперт Азамат Жаманкулов да тармакта оң динамика байкалып жатканын белгилейт.
"Бүгүнкү күндө туризм бардык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүүдө: туристтердин саны, ИДПга кошкон салымы жана инвестициялардын көлөмү өсүп жатат. Атаандаштык күчөгөн сайын тейлөө сапаты да жакшырып, жаңы мейманканалар, кафе, ресторандар ачылып, инфраструктура өнүгүүдө", - деди Жаманкулов.
Анын айтымында, туристтик кызыгуу негизинен аймактарга ооп жатат.
"Биздин эң мыкты туристтик локациялар ири шаарларда эмес, аймактарда жайгашкан. Ошондуктан туристтик агым менен кошо ал жактарда тейлөө да өнүгүп жатат. Глэмпингдердин, боз үй шаарчаларынын деңгээли, тамак-аш берүү маданияты кыйла жогорулады", - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын туристтик имиджин калыптандырууда көчмөн маданият өзгөчө мааниге ээ экенин турагент Сергей Глуховеров белгилейт.
"Көп өлкөлөрдө тоолор менен көлдөр бар. Бирок, тоо менен боз үй, дарыя жана бүркүт менен мергенчилик кылуу, капчыгайлар жана улуттук ат оюндары бул айкалыштар Кыргызстанды чындап уникалдуу кылган көрүнүштөр", - деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, эң оболу туристтерди аутенттүүлүк өзүнө тартат.
"Дүйнөдө көчмөн маданияты сакталган өлкөлөр өтө аз. Адамдар жөн гана табиятты көрбөстөн, жергиликтүү турмушка - салт-санаага, үрп-адаттарга, элдин жашоо образына сүңгүп кирүүнү каалашат. Ошондуктан “Салбуурун” фестивалы өткөрүлүп, бүркүт менен аңчылык уюштурулуп, улуттук оюндар көрсөтүлөт жана кыргыз улуттук тамактары даярдалат. Натыйжада туристтер унутулгус таасирленүүлөр менен кайтышат", - деп кошумчалады ал.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан кооз пейзаждары менен гана чектелген туристтик багыт эмес. Бул - табият, маданият, технологиялар жана жандуу салттар айкалышкан, дүйнөлүк туристтик картада өзгөчө орунду ээлеген чыныгы уникалдуу өлкө.