2023-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Global Observatory on Donation and Transplantation (трансплантология боюнча дүйнөлүк маалымат борбору) платформасы чыгарган жыйынтыкка ылайык, жылына 150 миңден ашуун адамга органдарды алмаштыруу операциялары жасалат. Эң көп жасалган орган – бул бөйрөк. Экинчи орунда – боор, андан кийин жүрөк, өпкө, уйку без жана ичеги трансплантациялары турат. Ал эми ткандарга байланышкандарына көздүн кареги, тери, сөөк жана муундар кирет. Ал эми Кыргызстанда органдардын арасынан бөйрөк көп алмаштырылат. Эң маанилүүсү акыркы убактарда операциянын бул түрү акысыз жүргүзүлө баштады. Былтыркы жылдан тарта боор алмаштыруу операциясы да өздөштүрүлө баштады.

Бөйрөк трансплантациясына байланышкан операциялар буга чейин акылуу болуп келген. 2024-жылы өлкө башчысынын чечими менен Саламаттык сактоо министрлиги “бөйрөктүн өнөкөт ооруларынын бешинчи стадиясы” диагнозу коюлган бейтаптарга операцияны жана операцияга чейинки жана кийинки дарылоолорду мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүү жобосун иштеп чыккан.

Белгилей кетүүчү жагдай, бөйрөк трансплантациясы республиканын бюджетине гемодиализге караганда арзан түшөт жана операциядан кийин бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртканга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп белгиленген.
Аталган министрликтин Медициналык жардамдарды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Курманбек Турдумаматовдун айтуусу боюнча министрликке караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2018-жылы алгачкы жолу органдарды алмаштыруу операциялары жасалып баштаган.

“Бул жылдардын ичинде 74 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып, анын 42си мекеменин прейскуранты менен, ал эми былтыркы жылдан бери 11 бейтапка акысыз, быйылкы менен кошо эсептегенде 32 операция бекер жасалган. Болгону операцияга чейинки изилдөө иштери бейтаптын өзүнүн каражатынан болот.

Ошондой эле Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 2023-жылдан бери акысыз негизде 11 бейтаптын бөйрөгү алмаштырылган”,-деди ал.
Органын берип жаткан адам - донор , ал эми орган салына турган адам - реципиент деп аталат. Эки адамдын операцияга даярдалуусу жалпы анализдерден баштаган, дал келүүчүлүк, генотипти аныктоо деген бир нече этаптардан турат.
Бөлүм башчы ошондой эле өлкөдө акыркы жылдары жандана баштаган боор алмаштыруу операциясына да токтоло кетти. Анын айтымында, аталган органды трансплантациялоо татаал жана бейтап үчүн дагы оор процесс болуп саналат.

“2024-жылы июнь айында жогоруда аталган Кыргыз-түрк ооруканасында биздин Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери менен түрк дарыгерлери биргелешип эки адамдын боорун алмаштырышып, операциялар ийгиликтүү болгон. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы жакшы.
Ошондой эле Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери, медициналык жабдыктарды алуу жана орнотуу, боор алмаштыруу операциясына ылайыкташтыруу иштери жүрүүдө. Жакынкы араларда алгачкы операциялар жасалып баштайт. Мында адистердин квалификациясынын шайкештиги, даярдоо иштери, спецификасы башкача болот. Даярдык иштери жылдын аягына чейин бүтүшү керек”,-деп белгиледи ал.

2025-жылдын май айында министрлер кабинетинин токтому менен адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жобосу бекитилген.
“Бул жобо өлкөдөгү органдарды алмаштыруу операцияларын жөнгө салууга багытталган. Буга чейин мындай ченемдик-укуктук документ болгон эмес. Ага ылайык, Улуттук хирургия борбору, Эне жана баланы коргоо борбору, Кыргыз-түрк досутугу ооруканасы, Ош мамлекеттик университинин алдындагы Медициналык борбору болуп төрт мекеме аталган багыттарда операция жүргүзүүгө укуктуу деп табылган.
Ошондой эле 2024-жылдын аягында республикалык бюджеттин эсебинен эл аралык стандарттарга ылайыкталган Трансплантология жана гемодиализ борбору курулуп баштаган. Болжол менен 2026-жылдын аягында колдонууга берилиши керек”,-деп кошумчалады Турдумаматов.

Ошондой эле анын айтымында чет өлкөлөрдөн органдарын алмаштырып келген жана өлкө ичинде дарыланып жаткан бейтаптар атайын дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турушат. Бекитилген тартип боюнча аталган байтаптар иммунносупрессордук дары-дармектерди алганга милдеттүү. Бул алардын саламаттыгы үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Ошондой эле алардын баары мамлекет тарабынан акысыз берилип турат.