Кыргызстанда жол эрежелерин бузган айдоочулар көбөйдү

Укук тартиби Загрузка... 23 Февраль 2026 10:20
photo_5249361312268097638_x.jpg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 16-февралдан 22-февралга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча, 29 894 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 3 170;
  • мас абалында унаа башкаруу – 207;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 155;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесын бузуу – 1 202;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 326;
  • авто ээнбаштык – 25;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 602;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 686;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 516 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.