Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда жогорку билимдүүлөр көп. Бул тууралуу "Кабар подкаст" программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Анын айтымында, мунун себеби - кыргыз элинин билимге болгон өзгөчө мамилесине байланыштуу.
"Кыргыз элинин артыкчылыктарынын бири – ата-энелердин балам билим алсын деген ниетте акыркы малын сатса да окуткан учурлары көп кездешет. Ошондуктан өлкөдө жогорку билимдүүлөрдүн саны көп", – деди ал.
Ошол эле учурда ал билим берүүнүн сапатын жогорулатуу толугу менен министрликтин жоопкерчилиги экенин белгилеп, өлкө жетекчилиги тарабынан сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо боюнча талап коюлуп жатканын кошумчалады.