Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусу өсүүдө. Бул көрүнүш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аялдардын санынын байкаларлык көбөйүшү менен даана көрүнүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев аял жетекчилер үчүн уюштурулган республикалык семинар-кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Директордун маалыматына ылайык, административдик-аймактык реформанын натыйжасында жергиликтүү кеңештердеги жалпы депутаттык мандаттардын саны 9 062ден 6 384кө чейин кыскарган. Ошого карабастан, 2 538 аял-депутат шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп, жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына шайланышкан. Натыйжада аялдардын үлүшү депутаттардын жалпы санынын 39,75%ын түзүүдө.
Кудайберген Базарбаев бул көрсөткүчтөр аялдардын башкаруу процесстерине активдүү аралашып жатканын айгинелейт деп белгиледи.
“Аялдар коомдук жана саясий жашоого улам көбүрөөк тартылып, өз үнү жана ишмердүүлүгү аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатышат. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан гендердик саясат реалдуу жыйынтыктарды бере баштады”,-деди ал.
Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кадрдык курам боюнча акыркы маалыматтарды сунуштады.
Жалпы кызматкерлердин саны 22 425 адамды түзөт, алардын ичинен 8 604ү (38%) - аялдар.
Анын ичинде:
- Административдик кызматкерлер — 20 665 адам, алардын ичинен 8 183ү (39,5%) аялдар;
- Саясий кызматкерлер — 1 234 адам, алардын ичинен 264ү (21%) аялдар;
- Адистештирилген кызматкерлер — 526 адам, алардын ичинен 240ы (45,6%) аялдар.
Кээ бир министрликтердин борбордук аппараттарында аялдардын үлүшү жогору болуп саналат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде — 80%, Агартуу министрлигинде — 74%, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде — 69%, Санариптик өнүгүү министрлигинде — 60%, Юстиция министрлиги жана Жогорку сот аппараты — 65%, Башкы прокуратурада — 45%.
Бишкек шаарында өтүп жаткан семинар-кеңешме аял жетекчилердин кесиптик жана лидерлик жөндөмдөрүн бекемдөөгө, алардын мамлекеттик башкаруу тутумундагы ролун жогорулатууга, ошондой эле гендердик теңчилик саясатын жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга багытталган.