Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

Коом 17 февраль 2025 14:24
Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо качан башталарын айтып берди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат.

Ал эми 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо 30 күнгө созулат. Салт боюнча мусулмандарга бир ай бою күндүзгү убакта тамактанууга болбойт.