Кыргызстанда В гепатитине каршы масштабдуу эмдөө иштери уланууда

Ден соолук Загрузка... 23 Июнь 2025 11:23
22.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Кыргызстанда В гепатитине каршы масштабдуу эмдөө иштери уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомство калк арасында В гепатитине каршы чоңдорду эмдөө боюнча кызыгуу күчөп жаткандыгына байланыштуу бул багытта жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштери тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүүнү зарыл деп эсептейт.

Анын маалыматына караганда, эмдөө программасы пландуу тартипте жүрүүдө жана каалоочулар үчүн жеткиликтүү. 2022-жылдын декабрынан 2025-жылдын май айына чейин мамлекеттин каржылоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөгө 750 миң доза вакцина жеткирилген.

2025-жылдын 21-июнуна карата республика боюнча эмдөө пункттарында 72 159 доза бар, бул эмдөөнү үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. 2024-жылы эмдөө курсун баштаган жарандар үчүн 2025-жылдын биринчи кварталында кошумча 55 миң доза алынган.

2025-жылдын 5-июнуна карата статистика:

  • 1-дозаны алган жарандар — 261 400 адам
  • 2-дозаны алган — 224 011 адам (85,6% биринчи дозаны алгандардан)
  • 3-дозаны алган — 177 534 адам (67,9%)

Бул көрсөткүчтөр — чоңдор арасында эмдөөгө кызыгуу жогору экенин жана программанын ийгиликтүү жүрүп жатканын тастыктайт.