Кыргызстанда Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт

Президент Жүктөлүүдө... 13 Февраль 2025 17:20
498_travma.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Подписание.jpg
Алдыга
Артка
498_travma.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Подписание.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Президенттин басма сөз кызматы, WWW

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 

  1. Министрлер кабинети үч айлык мөөнөттө:

1) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

2) бул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.