Кыргызстанда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу кеңейтилет

Коом 21 сентябрь 2026 16:35
IMG_6096.JPG
IMG_6097.JPG
IMG_6099.JPG
IMG_6100.JPG
IMG_6101.JPG
IMG_6102.JPG
IMG_6103.JPG
Алдыга
Артка
IMG_6096.JPG
IMG_6097.JPG
IMG_6099.JPG
IMG_6100.JPG
IMG_6101.JPG
IMG_6102.JPG
IMG_6103.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. "Кыргызсуу долбоор" ААК Казакстан жана Өзбекстандын компаниялары менен заманбап сугат системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган ишкананын делегациясы 15-18-сентябрда Казакстан жана Өзбекстанда иш сапарда болду.

Алматыда "ADAMANT Inc." компаниясы менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, ошондой эле аларды Кыргызстандын климаттык жана гидрологиялык шарттарына ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.

Ташкентте делегация бир катар компаниялардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап сугат системалары үчүн жабдууларды өндүрүү технологиялары менен таанышты.

Жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды практикалык негизде киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана заманбап сугат чечимдерин өлкөнүн шарттарына ылайыкташтырууга жол ачат.