Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев шайлоого көбүрөөк жарандарды катыштыруу максатында лотерея өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

"Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын конституциялык укугун аткарууга үндөй турган лотерея өткөрсө жакшы болмок. Дагы ойлонуштуруп, коллегиялык орган менен кеңешип көрсөңүздөр. Анткени лотерея шайлоого катышкан жарандардын санына таасир тийгизет эле. Ошондой эле элдерди да кызыктырат", - деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү жакында эле Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо өткөндө 18 жашка чыгып, шайлоого биринчи ирет катышкан жарандарды өзгөчө белгилеп, белектер берилгенине да күбө болгонун айтты.
"Бул алардын жарандык позициясы үчүн жакшы демилге", - деп белгиледи Мирлан Жээнчороев.