Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди

Коом Жүктөлүүдө... 23 Февраль 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-01-21 at 15.35.20.jpeg
5321454550235867626.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-21 at 15.35.20.jpeg
5321454550235867626.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди.

Дин башкармалыктан билдиришкендей, буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.

Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй бекитилди (учурдагы баа менен):

- Буудай — 80 сом (1,6 кг);

- Ун — 128 сом (1,6 кг);

- Мейиз — 1200 сом (1,6 кг);

- Арпа — 288 сом (3,2 кг);

- Курма — 2880 сом (3,2 кг).

"Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел”, - деп айтылат маалыматта.