Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 09:50
366321.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитти.

Ага ылайык, буудай 1,6 кг – 60 сом, ун 1,6 кг – 90 сом, арпа 3,2 кг – 100 сом, мейиз 1,6 кг – 880 сом, курма 3,2 кг – 1200 сомду түзөт.

637516840_1230813049180982_7163886592904141621_n

Ошондой эле зекетти алтын менен да берсе болот. Эсептөөлөр боюнча, 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. 85 грамм алтын 722 миң 500 сомду түзөт, анын 2,5%ы 18,062 сом деп белгиленди.

637627644_1230839989178288_1962246593188107637_n

Муфтият белгилегендей, битир-садаганы ар бир адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын каалаганына жараша, өз ыктыяры менен жан башына бере алат.

Муктаждарга көбүрөөк пайда тийиши үчүн, мүмкүнчүлүгү барлар баасы кымбатыраак азыктардан берүүсү жакшыраак болот.