Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында мунай жана газ боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорацияларынын жетекчилери менен жолукту.
Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (China National Petroleum Corporation - CNPC) Директорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, ошондой эле Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) Директорлор кеңешинин төрагасы Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытай мамлекеттик чек арасынын ортосунда мунай продуктуларын өткөрүүчү куурду куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүлдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Пекинге болгон иш сапарынын дагы бир максаттарынын бири Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнү мунай продуктулары менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмасына ылайык, мунай тармагында иш жүргүзгөн компаниялар менен жолугушууларды өткөрүү экенин билдирип, Борбор Азиядагы мунай рыногундагы кырдаалга байлануштуу бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Учурда Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялар кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорациялары менен келишимдерди түзүп Кыргызстанга мунай продуктулары үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Кытай корпорациялары менен кыргыз компаниялары ортосунда дагы жаңы келишимдерди түзүү үчүн бул жолку кыргыз делегация курамына да кошулду.
Мындан тышкары логистикалык чыгымдарды азайтуу максатында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекеттеринин жанында мунай кампаларын (базаларын) куруунун мүмкүнчүлүгүн каралып жатканы айтылды.
Соңунда тараптар, тыгыз кызматташтыктын аркасында чогуу жакшы натыйжаларга жетүүгө болооруна ишенээрин билдиришти.