Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо күчөтүлөт

Коом Загрузка... 30 Январь 2026 13:00
bfe64e2868bc3faf1e2_8PDAr0H.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

2026-жылдын 26-январынан тартып "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, документ өлкө аймагында калктын санын көбөйтүүгө багытталган мамлекеттик демографиялык саясатты колдоо, көп балалуу жана жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жардамды кеңейтүү, ошондой эле жөлөк пул чектөөдөгү ашыкча талаптарды жоюу максатында иштелип чыккан.

Бийик тоолуу аймактардагы үй-бүлөлөрдү колдоону кеңейтүү

Мыйзам долбоору менен үчүнчү жана андан кийинки балдары 3 жашка толгонго чейин берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөк пулуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Учурдагы ченем боюнча, бул жөлөк пул үчүнчү баласы 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн үй-бүлөлөргө гана төлөнөт. Демилгечинин пикиринде, бул социалдык теңсиздикти жаратат. Ошондуктан, үчүнчү жана андан кийинки балдары 2026-жылга чейин төрөлүп, бирок али үч жашка толо элек балдарга да жөлөк пул берүү сунушталууда. Бул чечим бирдей бийик тоолуу шарттарда жашаган үй-бүлөлөр арасында социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирет.

Жөлөк пул чектөөдө мүлк критерийин жоюу

Мыйзам долбоору үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоо механизмин кайра карап чыгууну көздөйт. Учурда жөлөк пул чектөөдө үй-бүлөнүн мүлкү (тиричилик техникасы, малы, унаасы) эске алынат. Бул айыл жергесиндеги кирешенин чыныгы деңгээлин чагылдырбайт.

Ачык-айкындуулукту жана даректүүлүктү жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Муктаждыктын жалгыз критерийи катары үй-бүлөнүн жалпы кирешесин гана калтыруу;
  • Мүлктү эсепке алууну токтотуу;
  • Үймө-үй кыдырып мүлктү текшерүү практикасын жоюу.

"Баатыр энелерге" кошумча төлөм

Мыйзам долбоорунун дагы бир маанилүү бөлүгү — «Баатыр энелерди» социалдык жактан колдоо. Учурда алар пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүндө гана жөлөк пул алышат.

Эми «Баатыр энелер» үчүн ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгилөө сунушталууда. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 31 миңден ашык «Баатыр эне» бар. Бул өзгөртүү кабыл алынса, жылына болжол менен 1,8 млрд сом талап кылынат.

Эл аралык тажрыйба

Негиздемеде Казакстандын тажрыйбасы мисал катары келтирилген. Ал жерде 2024-жылдан тарта Улуттук фонддун инвестициялык кирешесинин эсебинен балдар үчүн баштапкы капитал түзүү программасы ишке ашууда. Демилгечи бул ыкманы адамдык капиталга жасалган узак мөөнөттүү инвестиция катары баалайт.

Демилгечинин пикиринде, бул өзгөртүүлөр татаал жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртууга, кедейчиликти азайтууга жана бийик тоолуу, чек аралаш аймактарда калкты сактап калууга кошумча стимул берет.