Эмгек министрлиги карылар үчүн атайын кеңеш түзөт

Коом
Эмгек министрлиги карылар үчүн атайын кеңеш түзөт
Эмгек министрлиги карылар үчүн атайын кеңеш түзөт
Алдыга
Артка
Эмгек министрлиги карылар үчүн атайын кеңеш түзөт
Эмгек министрлиги карылар үчүн атайын кеңеш түзөт
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында карылар маселелери боюнча кеңеш түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте "Кыргызстанда калктын улгайышы жана жакырчылык" аттуу аналитикалык серептин презентациясында эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле демографиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен активдүү узак жашоо саясатын иштеп чыгуу улантылат. Калктын улгайышы маселеси 2030-жылга чейин иштелип жаткан улуттук өнүктүрүү планында камтылган. Министрлик геронтология тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы демилгелерди да колдоп келет.

Мындан тышкары, мекеме "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси менен биргеликте "Активдүү узак жашоо" токтомунун долбоорун иштеп чыгууну улантууда. Документ келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар эске алынуу менен толукталууда.

Кеңештин курамына мамлекеттик органдардын, анын ичинде мэриянын өкүлдөрү кириши күтүлүүдө. Кеңештин биринчи жыйыны 2027-жылдын биринчи кварталында өтүшү болжолдонууда.

Нестан Ибраева