Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы өтүүдө

Ден соолук 2381 21 Апрель 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен уюштурулган жумалык 20–26-апрель күндөрү өтөт.

“Вакциналар ар бир жаш курак үчүн иштейт" деген ураан астында өтүп жатат. Бул өнөктүк коомчулуктун бардык курактагы адамдардын ден соолугу үчүн эмдөөнүн мааниси жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Эмдөөнүн артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулууда: кош бойлуулуктун алгачкы жумаларынан тартып карылыкка чейин вакциналар көптөгөн олуттуу оорулардан маанилүү коргоону камсыз кылып, коомдук саламаттыкты жана бакубаттуулукту чыңдайт”, - деп белгиледи Ишенапысова.

Маалымат жыйынында айтылгандай, Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында өлкө боюнча маалыматтык-агартуу иш-чаралары, акциялар, саламаттык сактоо уюмдарында ачык эшик күндөрү уюштурулат. Ошондой эле медициналык адистер менен жолугушуулар өткөрүлөт.