Бишкек — Ош унаа жолунун стратегиялык тилкеси оңдолду

Экономика Загрузка... 26 Июнь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. 2009-жылы Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан тарабынан түзүлгөн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду катышуучу мамлекеттеринде экономикалык жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүп,  алардын туруктуу өнүгүүсүн колдоп келет.

Бул фонддун колдоосу менен Кыргызстандын түндүгүн жана түштүгүн бириктирген, улуттук экономиканын өнүгүшүндө негизги ролду ойногон эң маанилүү Бишкек — Ош унаа жолунун Маданият — Жалал-Абад тилкесинде (67 км) реконструкциялоо иштери аяктады.

Бул тилкени реконструкциялоо – өлкөнүн борбордук транспорт артериясын модернизациялоо боюнча масштабдуу программанын приоритеттүү этабы.

Жумуштун жүрүшүндө жолдун бети толугу менен жогорку бекемдүүлүктөгү асфальт-бетонго алмаштырылды. Жакшыртылган жол белгилери орнотулуп, жарыктандыруу, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү жана аварияларды азайтуу боюнча башка чараларды камтыган коопсуздуктун жаңы стандарттары киргизилди. Ошондой эле заманбап инженердик курулмалар орнотулду: суу өткөргүчтөр жана тосмолор.

«ЕТӨФ үчүн инфраструктуралык долбоорлорго катышуу – бул туруктуу өнүгүүгө жана мүчө мамлекеттердеги адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуу. Долбоорду ишке ашыруу жол тилкесинин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»,– деп белгиледи фонддун «Транспорт жана коммуникациялар» бөлүмүнүн жетекчиси Артур Аракелян.

Анын айтымында, 72 чакырымдан ашык асфальт-бетон төшөлгөн жерлер оңдолуп, калыбына келтирилди, 20 км ашык жарыктандыруу орнотулду, шаарларда жана айылдарда 45 км ашык тротуарлар курулду, 36 миңден ашык дарак жана бадал отургузулду.

«Бишкек — Ош жолунун тилкесин реконструкциялоо — өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын кыйла бекемдей турган стратегиялык кадам. Бул магистраль экономикалык активдүүлүк жана региондордун социалдык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү коридор болуп саналат.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда ишенимдүү жана коопсуз байланышты камсыздайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев.

Жол алыскы айылдарды ири шаарлар менен байланыштырат, бул өзгөчө өз убагында медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармек жеткирүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн маанилүү. Долбоорду каржылоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык кредит бөлүнгөн.