Кыргызстанда демографиялык саясат концепциясын ишке ашыруу башталды

Министрлер кабинети
6ad207d6229bd-thumb.jpg
6ad207d6c135a-thumb.jpg
6ad207d6c4040-thumb.jpg
6ad207d72b2fb-thumb.jpg
6ad207d670aa5-thumb.jpg
6ad207d784d88-thumb.jpg
6ad207d6770b4-thumb.jpg
6ad207d622873-thumb.jpg
6ad207d720232-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6ad207d6229bd-thumb.jpg
6ad207d6c135a-thumb.jpg
6ad207d6c4040-thumb.jpg
6ad207d72b2fb-thumb.jpg
6ad207d670aa5-thumb.jpg
6ad207d784d88-thumb.jpg
6ad207d6770b4-thumb.jpg
6ad207d622873-thumb.jpg
6ad207d720232-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын (2026–2030-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи.

Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында демографиялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.