Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Бүгүн Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин расмий сапарынын алкагында Кыргызстанда аталган өлкөнүн Ардактуу консулдугу ачылды.
Расмий ачылышта консулдук эки өлкөнүн жарандары жана бизнес-коомчулугу ортосундагы байланыштарды чыңдоочу практикалык көпүрө болору белгиленип, ага Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, Черногориядан келген расмий делегация жана кыргызстандык ишкерлер катышты.
Жаңы бекитилген ардактуу консул Бекназар Асановдун айтымында, консулдуктун башкы максаты — экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Буга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы ишкерлердин өз ара байланышын кеңейтүү иштери пландалууда.
"Бул жаатта кыргыз ишкерлерин Черногорияга, ал эми черногориялык ишкерлерди Кыргызстанга тартуу иштери жүргүзүлөт. Учурда аталган өлкөдөн бир катар инвесторлор биздин өлкөгө кызыгуу көрсөтүп жатышат. Жакынкы аралыкта эки тараптуу ири бизнес-форум өткөрүү, ошондой эле түз авиакаттамдарды ачуу маселеси каралууда. Себеби Казакстан жана Өзбекстан менен түз аба каттамдары бар болгондуктан, Кыргызстанда да ушундай мүмкүнчүлүк түзүлсө, айрыкча туризм тармагын өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды жеңилдетүүгө шарттар түзүлөт. Ошондой эле Черногория тарап кичи ГЭСтерди куруу, курулуш жана өндүрүш тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирүүдө. Бул багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү пландалууда. Учурда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатышат", — деп белгиледи Асанов.