Авиация коопсуздугу күчөйт: Дрондорду каттоонун жаңы талаптары киргизилет

Коом
Авиация коопсуздугу күчөйт: Дрондорду каттоонун жаңы талаптары киргизилет

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандык авиацияны эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү, чакан авиация үчүн инфраструктура түзүү жана учкучсуз учуучу аппараттарды жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.

Бостоновдун айтымында, жаңы авиакомпанияларды ачууга байланыштуу убактылуу чектөө же мораторий өлкөнүн Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча кара тизмесинен чыгууга даярдык көрүүсүнө байланыштуу болгон.

Анын белгилешинче, бул мезгилде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде эл аралык жана европалык стандарттарга ылайык мыйзамдарды жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлгөн.

“Иштин көлөмү чоң болгондуктан, жаңы авиакомпаниялар менен катар иш алып барууга убакыт жетишсиз болгон. Мурда жаңы авиакомпанияларга кайсы стандарттарга жооп бериши керектигин так түшүндүрүү кыйын болчу. Ошондуктан бул процессти иретке келтирүү зарылдыгы жаралган”, — деди ал.

Анын айтымында, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыккандан кийин Европа биримдигинин жана эл аралык талаптардын негизинде иш алып барууну каалаган жаңы авиакомпанияларды кабыл алууга даяр. Азырынча бул багытта алгачкы компаниялар пайда боло элек, анткени алар талаптарга шайкеш келүү үчүн ченемдик документтерин даярдап жатышы мүмкүн.

Андан тышкары, агенттиктин директору өлкөдө чакан жана жеңил авиация өнүгүп жатканын белгиледи. Бир жана эки орундуу чакан учактар жетүүгө кыйын аймактарга барууга, оорулууларды ташууга жана туристтерди жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул үчүн совет мезгилинде айыл чарба талааларын иштетүүдө жана химиялык каражаттарды чачууда колдонулган чакан учактар жайгашкан аянтчаларды табуу зарыл экендигин белгилеген агенттиктие директору мындай аянтчалар “химиялык аянтчалар” деп аталарын айтты.

“Учурда бул аянтчаларга байланыштуу архивдик документтерди табуу кыйын. Ошондуктан ар бир облус, шаар жана айыл боюнча маалыматтарды тактоо иштери башталды. Максат — алардын бирдиктүү реестрин түзүү”, — деди Бостонов.

Анын түшүндүрмөсүнө ылайык, бардык аянтчалардын картасы учкучтардын планшеттеринде жеткиликтүү болсо, өзгөчө кырдаал жаралган учурда алар жакынкы конуу жерин тез аныктап, учакты коопсуз кондура алышат.

Бостонов ошондой эле Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды, ичинде камерасы бар дрондорду колдонуу эрежелерин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Белгиленгендей, Кыргызстан дрондорду жөнгө салуу боюнча документтерди иштеп чыгууга багытталган “JARUS” ассоциациясына кошулган. Бул багытта жумушчу топтор онлайн жана офлайн форматтарда жолугушууларды өткөрүп, тиешелүү ченемдик документтер даярдалып жатканы айтылды.

“Учкучсуз авиацияны жөнгө салуу дүйнө жүзүндө жаңы багыт болуп саналат. Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Казакстан да бул тармактын укуктук негиздерин иштеп чыгууда. Негизги милдет — учкучсуз авиацияны жарандык авиациянын учурдагы системасына туура интеграциялоо. Бул жерде коопсуздук жана жеке жашоонун купуялуулугу маселелери да бар. Мисалы, дрондорду адамдардын жеке мейкиндигине кийлигишүү үчүн колдонуу коркунучу жаралышы мүмкүн”, — деди ал.

Бостонов белгилегендей, дрондорду милдеттүү түрдө каттоо, тиешелүү сертификат алуу жана аларды кайсы жерде, кандай шартта башкарууга болорун үйрөткөн курстардан өтүү талаптары каралган. Бул эрежелерди этап-этабы менен киргизүү аркылуу учкучсуз авиацияны укуктук алкакка алып келүү жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатталууда.