Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда балдарга жылына 100дөн ашык онкологиялык операция жасалып, мурда өлкөдө мүмкүн болбогон татаал хирургиялык дарылоо ыкмалары колдонула баштады. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы, онколог Султан Стамбеков Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы жана гематологиясын дарылоого арналган дүйнөлүк саммиттин алкагында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда балдар онкологиясы кызматын өнүктүрүүдө бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурда өлкөдө балдар онкологиясы боюнча бир гана адис иштесе, азыр алардын саны 15тен ашты.
“Балдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн керебет-орундардын саны көбөйтүлдү. Буга чейин онкология борборунда 20 орундуу чакан бөлүм иштесе, учурда Жал кичи районундагы бейтапканада ар бири 35 орунга ылайыкталган эки бөлүм бар. Мындан тышкары, Ош шаарындагы балдар ооруканасында 20 орундуу онкология бөлүмү иштейт”,- деди дарыгер.
Стамбеков белгилегендей, мурда айрым лабораториялык анализдерди жүргүзүү үчүн бейтаптарды Алматыга же Россияга жөнөтүүгө туура келчү. Азыр өлкөгө жаңы лабораториялык жабдуу алынып берилип, мындай изилдөөлөрдү жергиликтүү шартта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
“Азыр бул багытта абдан көп кадамдар жасалып жатат. Биринчи айым Айгүл Жапарова бизди колдоп келет. Анын колдоосу менен көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда”, - деди ал.