Кыргызстанда 33 чакан ГЭС иштеп жатат: Быйыл дагы 80 МВт кубаттуулук кошулат

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2026 16:50
WhatsApp_Image_2025_qI8SsbG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча 33 чакан ГЭС өндүргөн электр энергиясын тармакка берип жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы 80 мегаваттык чакан ГЭСтердин ишке кириши күтүлүүдө.

“2021-жылдан берки электр энергиясын колдонууну алсак, 15 млрд кВт сааттан 20 млрд кВт саатка өстү. Албетте, бул энергетика тармагы үчүн оор маселе. Экинчи жагынан бизди сүйүндүргөнү өлкөбүздүн экономикасы өнүгүп жатат. Электр энергиясы жаңы курулган бала бакча, мектеп жана завод-фабрикалар сыяктуу тармактарга кошумча колдонулуп жатат.
Жалпы 1 миң 900 кВт же 1,9 гиговаттын тегерегинде 2025-жылы техникалык шарт бериптирбиз. Эгерде Токтогул ГЭСи жаңыртылгандан кийин 1 440 МВт электр энергия чыгарып жатса, биз андан көбүрөөк электр энергиясын колдонуп жатабыз. Убагында акырындык менен генерацияны көтөрүп кете бериш керек болчу. Белгилүү болгондой, 2010-жылы 120 мегаваттык Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ошондон бери ГЭСтер курулган эмес”, - деди Ибраев.

Андан тышкары, 100 мегаваттык күн электр станциясы ишке берилип, бүгүнкү күндө электр энергиясын берип жаткандыгын кошумчалады.