Жалпыга маалым болгондой, акыркы кездерде жасалма интеллект ааламдагы эң күчтүү инновациялык куралдардын бирине айланууда. Аны туура багытта пайдалануу менен мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иштерди да чечсе боло тургандыгына дүйнө жүзү күбө болуп жатат. Мындан улам Кыргызстанда дагы быйылкы жылы ЖИни өнүктүрүү максатында бир катар алгылыктуу иштер жолго коюлуп, анын потенциалынан пайдаланууну өздөштүрүүнүн үстүндө.

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров БАЭде өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде ЖИнин потенциалын жогору баалоо менен “жасалма интеллект - келечекте бүт адамзаттын салттарынын жана баалуулуктарынын көп түрдүүлүгүн камтыган баалуу жана актуалдуу курал болот” – деген.

Ошондой эле “Digital Almaty 2025” эл аралык санариптик форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө “биздин максат - туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана глобалдык технологиялык күн тартиптеги Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн жасалма интеллектти мамлекеттик процесстерге системалуу жана масштабдуу интеграциялоо”, - деп баса белгилеген.

Муну менен катар эле өлкөдө алдынкы технологияларды киргизе турган жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, бул багытта эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп, мамлекеттик мекемелер акырындык менен иш процессине ЖИни киргизүүнүн жолдорун ойлоно баштады десек болот.
Жогорку технологиялар паркынын резиденти, “Улут софт” компаниясынын негиздөөчүсү Мирбек Океновдун билдирүүсү боюнча Кыргызстанда жасалма интеллектти интеграциялоо иши улуттук тилден башталат. Буга чейин ЖИнин кыргыз тилин түшүнгөн модели иштеп чыгарылган. Ошондой эле бул технология биздин каада-салт, маданиятыбызды түшүнүүсү үчүн адегенде тил корпусу түзүлүшү керек.

“Негизи бардык эле министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелер менен автоматташтыруу, санариптештирүү жаатында кызматташуубуз бар. Ал эми жасалма интеллект багытында болсо Мамлекеттик тил комиссиясы менен төрт жылдан бери иш алып барабыз. Төрт этаптан турган долбоорду аягына чыгардык. Муну менен катар эле ведомстволордун арасынан биринчилерден болуп Агартуу министрлиги биз менен иштешүүдө. Коомчулук үчүн бул тема жаңы болгондуктан башка мамлекеттик мекемелер ЖИни кайсы чөйрөгө киргизип, кайсы жерде пайдаланууну жаңыдан ойлонуштуруп жаткан мезгили”, - деди Окенов.
Өлкөдөгү билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоонун алдында турган Агартуу министрлиги бул багытта “Улут софт” компаниясы менен STEM ((science, technology, engineering and mathematics)) предметтерин киргизүүнүн алкагында иш алып барууда. Бул жаңы стандарттын биринчи максаты – мугалим үчүн окутуу процесстерин жеңилдетип берүү болуп саналат.
“Учурда биз Агартуу министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен STEM системасынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бул стандартта жасалма интеллект да колдонулат. Мисалы, мугалимдердин убактысы көбүнчө материал даярдоого кеткендиктен, ЖИ окуучуларга даярдалуучу тесттерди, сабактын планын түзүп, суроолорду ж.б. даярдоодо сунуштарды берет. Учурда бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп баштаган мугалимдер бар”, - деди ал.
Буга чейин минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жасалма интеллект боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн айтып, ал алдынкы технологияларды киргизүүнүн жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуунун негизги платформасы экендигин белгилеген.

Мирбек Окенов жогоруда аталган Улуттук кеңештин мүчөсү болуп саналат. Бул тууралуу ал “Учурда жасалма интеллекти өнүктүрүү боюнча стратегиянын үстүнөн иштеп жатабыз. Себеби, ЖИнин жакшы жактары менен катар эле терс жактары дагы бар. Мисалы, учурда кеңири тараган алдамчылык, шылуундук иштерин эч ким четке кага албайт. Дагы бир айта кетчү нерсе, ЖИ өтө кубаттуу компьютерде гана иштейт. Аларга ылайыкталган атайын процессор болот. Биз учурда мына ушундай компьютерлердин келишин күтүп жатабыз. Аны менен бир топ иштер алга жылат”, - деп билдирди ал.

Жогоруда келтирилген жагдайлардан улам бийликтин төртүнчү бутагы болгон жалпыга маалымдоо каражаттары иш процессине ЖИни киргизүүгө кандай карайт деген суроо туулбай койбойт.
Медиа сынчы Марат Токоевдин айтуусу боюнча журналисттер дагы жардамчы катары ЖИнин мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алышат.

“Менин билишимче кыргыз ЖМКларында жасалма интеллект колдонула элек. Ал журналистке чоң жардамчы боло алат. Мисалы, көлөмдүү маалыматтарды иштеп чыгып, мазмунун кыскартканга, таблица түзүп, структуралап бөлүп бере алат. Бирок, ал журналисттин ролун толук аткара албайт. Болгону майда-барат иштерде журналистке көмөктөшөт” – дейт Токоев.
Жасалма интеллекттин Кыргызстанда системалуу киргизиле башташы – өлкөнүн санариптешүү жолундагы чоң кадам. Бул багыттагы ийгиликтер мамлекеттин ар тармакта натыйжалуу иш алып барышына өбөлгө түзөт.