Кыргызстан жана Того: "Ынтымак Ордодо" кеңири курамдагы жолугушуу өтүүдө

Саясат Загрузка... 29 Апрель 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-04-29 at 10.26.25.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Учурда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин кеңири курамдагы жолугушуусу өтүүдө. Ага эки тараптын делегациялары катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө өз ара ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо алдында турат. Алар географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, эл аралык деңгээлде глобалдык маселелер боюнча бирдей позицияны карманышат. Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарбасы боюнча тажрыйбага ээ болсо, Того тропикалык айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө бай тажрыйбага ээ.

Анын негизинде билим берүү – студенттерди алмашуу, маданий алмашууларды жүргүзүү пландалууда. Өлкөлөрдүн бири-бирине экспорттоо жаатында мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар туризм жаатында да окшоштуктарга ээ. Кыргызстан туризм, экотуризмди өнүктүрүп жатса, Того африка маданияты, жаратылышы менен дүйнөнү кызыктырып келет.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

“Кыргызстан менен Тогонун ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2015-жылы түзүлгөн. Андан бери бизде активдүү байланыштар болгон эмес экен. Кыргызда “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз” деген бабаларыбыздын накыл сөзү бар. Биз эки элдин ынтымагын бекемдөөгө чечкиндүү кадамдарды таштоого даярбыз.
Ушуга карата азыркы сапарыңыз саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө туруктуу негиз түзөт деп ишенем”,-деп белгиледи мамлекет башчысы.

Учурда бул жогорку деңгээлдеги дипломатиялык кызматташуунун алкагында инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2025-жылдан бери Африка континентиндеги өлкөлөр менен кызматташтыгын бекемдеп келет.

Эскерте кетсек, күн мурун Того министрлер кеңешинини төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий сапар менен Кыргызстанга келген.