Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран Кыргызстандан Польшага экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстрадициялоо иштери Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросу жана Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте ишке ашырылды.
"Экстрадицияланган адамдар Польшанын соту тарабынан адам өлтүрүүгө аракет кылуу, каракчылык, опузалап талап кылуу, сойкулукту уюштуруу, ошондой эле ири көлөмдөгү баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген куралдуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.