Кыргызстан Өзбекстанга 18 миң тоннадан ашык картошка сатты

Борбор Азия Загрузка... 06 Октябрь 2025 11:50
64444c0761a47cfafe1f688ece469d24.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–август айларында өлкө Кыргызстандан 18 миң тоннадан ашык картошка импорттогон.

Белгиленген мезгил ичинде Өзбекстанга жалпы 11 мамлекеттен 490,8 миң тонна картошка киргизилип, анын жалпы наркы 49,7 млн АКШ долларын түзгөн.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу картошканын импорту 9,1 пайызга же 41 миң тоннага көбөйгөн.

Импорттун негизги көлөмү Пакистандан (299,4 миң тонна) алынган. Андан кийин Казакстан (110 миң тонна), Афганистан (34,8 миң тонна), Кыргызстан (18,1 миң тонна) жана Россия (15,4 миң тонна) орун алган. Дагы 13,1 миң тонна картошка башка өлкөлөрдөн жеткирилген.