Бишкек,20.06.25./Кабар/. Кыргызстан Улуу Британиянын эң чоң Wanderlust Travel Awards сыйлыгынын «Эң керектүү өнүгүп келе жаткан дестинация» категориясында тизмеге кирди.
Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, добуш берүү башталды жана ал 17-октябрга чейин уланат.
Ага шилтеме аркылуу кирип добуш берсе болот: : https://www.wanderlustmagazine.com/.../our-awards/2025-vote/
Жеңүүчүлөр 2025-жылдын 5-ноябрында, Wanderlust Travel журналынын аудиториясы Лондондогу Улуттук Галереядагы гала аземинде жарыяланат.
Wanderlust Travel Awards сыйлыгы 24-жыл катары менен өтүп жатат. Wanderlust 200 миң нуска менен 30 жылдан ашуун убакыттан бери чыныгы жана жоопкерчиликтүү саякаттын лидери болуп келет.
"Үч жылдын ичинде Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду B2B форматында журнал менен офлайн жолугушуулардын бир нече сессиясын өткөрдү",-деп айтылат маалыматта.