Кыргызстан тоолуу аймактардын калкынын саламаттыгын коргоого багытталган жаңы санариптик медициналык экосистеманы иштеп чыгууда. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев жаңы система оорулардын алдын алуу, эрте аныктоо жана жеткиликтүү жардам көрсөтүүнү бириктирип, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү көздөй тургандыгын белгилейт.
Кыргызстан тоо медицинасын өнүктүрүү боюнча алдыңкы орундарда турат. Бул аракеттер “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы (2023–2027-жж.)” жаатындагы өлкө башчысынын демилгесинин негизинде ишке ашырылууда.

Тоолуу аймактарда жашаган жарандарга өзгөчө камкордук
“Эл аралык тоо күнүн утурлай бизде кубанычтуу жаңылык бар. Кыргызстан тоолуу өлкө келип, анын аймагынын 94%ын тоолор түзөт. Калкынын көпчүлүк бөлүгү да тоолуу жана алыскы аймактарда жашайт. Андыктан, биздин борбордун негизги максаттарынын бири – тоолуу аймактарда жашаган жарандардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу, алар үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана үзгүлтүксүз медициналык кызматтарды камсыздоо болуп саналат. Себеби, алар абасы бийик деп саналган жерде, татаал шарттарда жашап, жүрөк-кан тамыр ооруларына көбүрөк чалдыгышат. Ошондой эле, алар борбордон алыс жайгашкандыктан, медициналык кызматтар дагы жеткиликтүү эмес.
Жаңы санариптик медициналык экосистема
Ушул максатта Эл аралык тоо күнүнө карата жогоруда аталган жарандардын саламаттыгын туруктуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген жаңы экосистема же модель түзүлүп жатат. Бул система үй-бүлөлүк деңгээлден баштап, ооруларды эрте аныктоо, алдын алуу жана баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө чейинки кадамдарды камтыйт.

Ошондой эле бул модель өзүнө үч негизги багытты бириктирет:
- Эрте аныктоо;
- Алдын алуу;
- Жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү.
Санариптик интеграциянын артыкчылыктары
Системанын өзгөчөлүгү - медициналык кызматтардын баары санариптик чечимдер аркылуу интеграцияланып, бири-бири менен тыгыз байланышта иштей тургандыгында. Бул тоолуу аймактардагы калктын саламаттыгын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, тобокелдик факторлорун эрте аныктоого жана борбордогу дарыгерлерге керектүү маалыматты тез жеткирип, ошол замат ооруну аныктап берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Пилоттук аймактар катары Нарын облусу тандалып алынды. Бул жасалып жаткан иштер бара-бара бардык аймактарга жеткиликтүү болот.

Ден соолукту көзөмөлдөгөн сегиз индикатор
Буга чейин “Өз ден соолугуңду текшер!” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, жарандардын саламаттык көрсөткүчтөрүн чогултуп, талдап берүүчү сегиз негизги индикатор киргизилген.
Алар төмөндөгүлөр:
Тамекини таштоо;
Туура тамактануу;
Кыймыл-аракетти кошуу;
Салмакты текшерип туруу;
Кан басымды текшерип туруу;
Кандагы канттын деңгээлин билүү;
Кандагы холестиринди текшерүү;
Уйкуну көзөмөлгө алуу.
Бул сегиз көргөзгүчтү көзөмөлдөп турган жаран өз ден соолугун көзөмөлдөй алат.

“Cardio Net” — аралыктан текшерүү модели
Бул биз тузүп чыккан моделдин бири - “Cardio net” деп аталат. Ал жарандардын ден соолугун аралыктан текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, кайсы бир тургундун жүрөгү ооруп калды дейли. Ал ФАПка кайрылат, бирок ал жерде кардиолог адиси жок. ФАПтагылар кайрылган адамдын жүрөгүн кардиограммага тартып, санарип жолдор аркылуу биздин борборго жөнөтөт. Биздин адистер так диагнозду коюп, тиешелүү оорукананы тандап берет. Ал эми ал жерден оорулууга тийиштүү медициналык кызмат көрсөтүлүп, ошентип анын өмүрү сакталып калат же майып болуп калуу тобокелчилигенен сактап калышат.
Нарындагы жаңы Жүрөк-кан тамыр борбору
Учурда Нарын облусунда заманбап жабдуулар менен камсыздалган жогорку технологиялуу Жүрөк-кан тамыр борбору түзүлүп жатат. Бул борбор тоолуу аймактагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууда жана дарылоодо маанилүү регионалдык базага айланат. Бийик тоолуу райондордун жашоочулары Бишкекке келип убара болбостон, жеринде сапаттуу кардиологиялык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул борбордо жарандарга акысыз стенд коюу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Учурда бул мекеме керектүү жабдуулар менен камсыздалууда. Биздин бул жердеги максат – жогорку технологияларды элге же алыскы аймактарга жакындатуу.

Бул долбоорлор Нарын шаарында жана Нарын облусунда санариптик технологияларды колдонуу менен ишке ашырылууда. Алдыда бул иштер өлкөнүн башка дагы тоолуу жана алыскы аймактарында жеткиликтүү болот.
Бул демилгелер Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук кардиология жана терапия борбору тарабынан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, “Ага Хан” фондунун, “JICA” уюмунун, Кыргыз-Швейцар “НИЗ” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.