Кыргызстан Тажикстанга кайсы айыл чарба азыктарын экспорттойт?

Экономика Загрузка... 28 Июль 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-07-28 at 16.59.14.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Тажикстанга эт, сүт, ун жана кондитердик азыктарды, бал, консерваланган балык экспорттой алат. Мындай пикирин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандан бизге жер-жемиш, кургатылган жер-жемиш экспорттолот жана тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Акыркы 4 жылда Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү төмөндөп кеткен. Былтыркы 2024-жылы 2 млн доллардан ашпаган товар жүргүртүү болгон. Ал эми 2025-жылдын 4 айынын жыйынтыгы былтыркы жылдагы товар жүгүртүүнүн көлөмү менен тең болду. Бүгүнкү күндө шекер, кондитердик азыктарды, төө бурчак сыяктуу товарлар Тажикстанга экспорттолуп, биздин көрсөткүчтөр жогору болууда”, - деди Балтабаев.

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда президентибиз биринчи жылы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү талабын койгонун ассоциациянын жетекчиси маалымдады.

“Эң негизгиси эки тараптын тиешелүү ассоциациялары кызматташтык байланыш түзүлүп, 5-6 млн долларга келишим түзүүгө жетиштик. Биздин максатыбыз эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн кеңейтүү болуп, конкреттүү кайсы товарларды экспорттой турганыбызды айттык”,- деди ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барып, анын алкагында бир катар документтерге кол коюлган. Алсак, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Тажикстандын адистештирилген бизнес-ассоциацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюулган. Документ кызматташтыкты чыңдоого, айыл чарба жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.