Кыргызстан Пекинде туруктуу транспортту өнүктүрүүнүн 4 негизги багытын сунуштады

Министрлер кабинети 22 сентябрь 2026 16:35
6ab240a757ba1-thumb.jpeg
6ab240fda7ea6-thumb.jpeg
6ab240fe647c8-thumb.jpeg
6ab241c3e0e55-thumb.jpeg
6ab241c4d7753-thumb.jpeg
6ab241c9f37e1-thumb.jpeg
6ab241c68c726-thumb.jpeg
6ab241c629ba4-thumb.jpeg
6ab241c535302-thumb.jpeg
6ab241c815445-thumb.jpeg
6ab241eb1f131-thumb.jpeg
6ab241fd5e4aa-thumb.jpeg
6ab241fd63e32-thumb.jpeg
6ab2416ea17ff-thumb.jpeg
6ab2416ead1d4-thumb.jpeg
6ab2417a47154-thumb.jpeg
6ab2417b4cc9c-thumb.jpeg
6ab2417c8b4dc-thumb.jpeg
6ab2417c43726-thumb.jpeg
6ab2417d690a4-thumb.jpeg
6ab2418e1f905-thumb.jpeg
6ab2419a11a08-thumb.jpeg
6ab2424d252c1-thumb.jpeg
6ab24120ab063-thumb.jpeg
6ab24174be207-thumb.jpeg
6ab24211e71a5-thumb.jpeg
6ab24221de51e-thumb.jpeg
6ab241733a4f4-thumb.jpeg
6ab241794a9dd-thumb.jpeg
6ab242120d510-thumb.jpeg
6ab2409781eb8-thumb.jpeg
6ab2417339c80-thumb.jpeg
6ab2417704d7c-thumb.jpeg
6ab24178124ac-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ab240a757ba1-thumb.jpeg
6ab240fda7ea6-thumb.jpeg
6ab240fe647c8-thumb.jpeg
6ab241c3e0e55-thumb.jpeg
6ab241c4d7753-thumb.jpeg
6ab241c9f37e1-thumb.jpeg
6ab241c68c726-thumb.jpeg
6ab241c629ba4-thumb.jpeg
6ab241c535302-thumb.jpeg
6ab241c815445-thumb.jpeg
6ab241eb1f131-thumb.jpeg
6ab241fd5e4aa-thumb.jpeg
6ab241fd63e32-thumb.jpeg
6ab2416ea17ff-thumb.jpeg
6ab2416ead1d4-thumb.jpeg
6ab2417a47154-thumb.jpeg
6ab2417b4cc9c-thumb.jpeg
6ab2417c8b4dc-thumb.jpeg
6ab2417c43726-thumb.jpeg
6ab2417d690a4-thumb.jpeg
6ab2418e1f905-thumb.jpeg
6ab2419a11a08-thumb.jpeg
6ab2424d252c1-thumb.jpeg
6ab24120ab063-thumb.jpeg
6ab24174be207-thumb.jpeg
6ab24211e71a5-thumb.jpeg
6ab24221de51e-thumb.jpeg
6ab241733a4f4-thumb.jpeg
6ab241794a9dd-thumb.jpeg
6ab242120d510-thumb.jpeg
6ab2409781eb8-thumb.jpeg
6ab2417339c80-thumb.jpeg
6ab2417704d7c-thumb.jpeg
6ab24178124ac-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Туруктуу транспорт: адамдар үчүн ыңгайлуу мобилдүүлүк жана үзгүлтүксүз жүк ташуу” темасындагы Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумуна (2026) катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, транспорт — экономиканын өзөгү жана ар бир өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойноорун билдирди. 

“Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгын тоолор ээлейт. Ошондуктан туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ жана экономикалык өнүгүүбүз менен калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча негизги артыкчылыктардын катарында туруктуу орунду ээлейт. Ошол себептүү — чек ара аралык транспорттук байланышты мындан ары өнүктүрүү жана туруктуу Евразиялык логистикалык коридорлорду калыптандыруу; тоолуу аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калк үчүн жеткиликтүү транспортту өнүктүрүү; экологиялык таза жана туруктуу транспортко жетишүүнүн жолдорун издөө; транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн санариптик трансформациялоону андан ары өнүктүрүү сыяктуу төрт негизги багытта кызматташуунун илгерилетүүнү сунуштайм”, — деди Эрлист Акунбеков. 

Ал ошодой эле өз сөзүндө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду өзгөчө белгилеп, бул үч өлкөнү бириктирип гана тим болбостон, Борбор Азиянын жана узак мөөнөттүү келечекте бүтүндөй Евразия континентинин транспорттук дараметин кеңейтүүгө да олуттуу салым кошоорун билдирди. 

Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумуна Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закир, Азербайжан премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев, Казакстан премьер-министринин биринчи орун басары Нурлыбек Налибаев баштаган бир катар мамлекеттердин делегация башчылары катышты. 

Анда өздөрүнүн баяндамаларында дүйнөдөгү азыркы реалдуулук жаңы эл аралык транспорттук-логистикалык каттамдарды ишке киргизүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын талап кылаарын билдиришти. Мындан тышкары форумга кызыкдар мамлекеттердин бул тармакты тескеген кызмат адамдары, транспорт министрлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр, ишкерлер жана окумуштуулар катышууга чакырылган. 

Ошондой эле, форумдун алкагында Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Анда биргелешкен аракеттердин натыйжасында Транскаспий транспорттук коридорун эл аралык соода үчүн эң натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү каттамдардын бирине айландыруунун мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары форумдун темасын улай, минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закирдин эки тараптуу жолугушуусу болуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери сүйлөшүлдү. 

Белгилей кетсек, Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форуму 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Туруктуу транспорт жаатындагы глобалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы ыкмаларды шайкеш келтирүү жана биргелешкен аракеттерди бириктирүү үчүн аянтчага айланган.