Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Кыргызстан парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө лидер аталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтында жарыяланган Парламенттер аралык биримдиктин жаңы докладында айтылат.
Баяндамага ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата дүйнөдө парламенттердеги орундардын 27,5 %ы аялдарга тиешелүү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 27,2%ды түзгөн.
Былтыр парламенттеги аялдардын эң көп өсүшү Кыргызстанда катталды. Жогорку Кеңеште аялдардын үлүшү 12,9%га көбөйдү. Учурда парламентте 90 депутаттын 30ун аял эл өкүлү түзөт. Көп мандаттуу шайлоо округундагы үч мандаттын бирөө аял талапкерге берилери мыйзам менен бекитилген.

Андан кийинки орундарда Сент-Винсент жана Гренадиндер (12,3) турат. Ал эми Сент-Люсия парламентинин жогорку палатасында аялдар 9,1%ды түзөт.
Үч өлкөдө — Оман, Тувалу жана Йемендин парламентинин төмөнкү палаталарында же бир палаталуу парламенттеринде бир да аял депутат жок.
Баяндама көрсөткөндөй, квота аялдардын парламенттеги өкүлчүлүгүн көбөйтүүнүн эң натыйжалуу механизмдеринин бири бойдон калууда.
2025-жылы мыйзамдык же ыктыярдуу квоталар колдонулган парламенттерде аялдар орточо 30,9% орунду ээлешкен. Ал эми квота жок парламенттерде бул көрсөткүч 23,3%ды түзгөн.
Белгилей кетсек, баяндама 2025-жылы 49 өлкөдө өткөн шайлоолордун жыйынтыктарына таянып даярдалган. Былтыр жалпысынан дүйнөдө 62 парламенттин курамы жаңыланган.